Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Март, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Жалган куран 16

Айыл чарба министрлиги ишемблик өткөрдү

Бүгүн 16-мартта Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ишембилик өткөрдү. Министрликтин жетекчилери жана жалпы жамааты мекеменин тегерек четин шыпырып, тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Кененирээк
Жаңылык Жалган куран 13

Айыл чарба министрлиги Ысык-Көл облусунда дыйкандар менен жолукту

 

Үстүбүздөгү жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Ысык-Көл облусунун райондорунун дыйкан-фермерлери менен жолугуп, жазгы талаа иштерине даярдыктары боюнча кабар алышты.

Айыл чарба министринин орун басары Ж.Керималиев, Талаачылыкты, үрөөнчүлүктү жана органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү бөлүмнүн башчысы Ж.Жумалиев Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-суу, Түп райондорунун акимдери, айыл өкмөттөрү жана дыйкан-фермерлери менен жолугуп, жазгы талаа иштерине даярдыктары жөнүндө жер айдоо техникалары, суу арыктарын тазалоо, дан эгиндеринин үрөнчүлүктөрү ошондой эле картошка сактоочу ороолорду  жеринен кыдырып кабар алды.

Кененирээк
Жаңылык Жалган куран 5

Кыргыз Республикасынын  бизнес-коомчулугунда  интеграциялык долбоорлордун алкагында жаңы өнөктөштүк, шериктештик жана кызматташтыгына ээ болусунун мүмкүнчүлүктөрү бар

    

Урматтуу ишкерлер,  2018 жылынын жарым жылдыгынан баштап Евразия экономикалык комиссиянын тарабынан Бажы биримдигинин алкагында келечектүү интеграциялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жөнүндө талкулоолор башталганын билдиребиз.

Бардык эл аралык уюмдар жана мамлекеттер натыйжалуу өнүктүрүү институттарын издөөдө.

Адаптациялонун мүмкүнчүлүгү жана жөндөмдүүлүгү, ишкердик иш-чараларын божомолдоо, инновациялык технологияларды колдонуу бул атаандаштыктын негиздиги. Айтып кеткен маселелерин ишке ашыруусунун эл аралык интеграция деңгээлинде кароо жана чечүү институтун уюштуруу зарыл.

Ошондуктан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында келечектүү интеграциялык долбоорлор форматында иштеп чыгуусу талкулоодо. Интеграциялык долбоорлордун  шарттарынын бири бул үч мүчө мамлекеттин кем эмес катышуусу. Ал эми интеграциялык долбоорлордун башкы демилгечиси жана негизги катышуучусу  бул ишкерлер чөйрөсү болуп саналат.

Айыл чарба тармагында  алгачкы интергация долбоорлор болсун деп, төмөнкүлөрдү карап чыгуу сунушталат:

- айыл чарба азыктарын дүң базарынын жана логистиканын механизмдерин өркүндөтүү;

- чакан жана орто бизнес үчүн санариптик соода аянтчасын түзүү.

Кененирээк
Жаңылык Жалган куран 4

“ Кара-Суу-2019 - Айыл чарба көргөзмөсү ” өткөрүлүүдө

 

Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан  “Кара-Суу-2019 - Айыл чарба көргөзмөсү” жарманкеси райондук мамлекеттик администрациясынын аянтында 2019-жылдын 6-март күнү өткөрүлөт.

Аталган жарменкеге  айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө зарыл болгон заттарды өндүрүп жана ташып келип сунуштаган 20 дан ашуун  жергиликтүү фирмалар чакырылган. Аталган фирмалар өздөрү  өндүрүп чыгарган, же сырттан ташып келип фермерлерге сунуштап жүргөн минералдык жер семирткичтердин түрлөрү, биологиялык жана химиялык өсүмдүктөрдү коргоочу заттар, алдыңкы прогрессивдүү технологиялардын (тамчылатып сугаруу системаларынын) коюлушу күтүлүүдө. Ошондой эле жогоруда аталган иш чарада жергиликтүү үрөнчүлүк чарбалар өндүргөн үрөндөр, андан тышкары  башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү, бак дарак өсүмдүктөрүнүн (алма, алмурут, өрүк, шабдалы, жүзүм ж.б.) жана теректердин  көчөттөрү көрсөтүлүп сатылат.

Кененирээк
Жаңылык Жалган куран 1

Катар мамлекети Кыргызстан менен айыл чарба багытында кызматташууга кызыктар

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.Мурашев Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед АльСулейти менен жолукту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы айыл чарба тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда эки тарап, Кыргызстандын айыл чарба азыктарын Катар базарына жеткирүү боюнча маселелерди талкуулады. “Учурда, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Катар мамлекетинин ортосундагы айыл чарба өсүмдүктөр карантини багытында кызматташтууну макулдашуу боюнча иш жүргүзүп жатабыз”- деди министр Н.Мурашев. Ошондой эле, ал Кыргызстандын  балын, кургатылган мөмө-жемиш жана эт продуктуларын Катар мамлекетине экспорттоо маселеси боюнча кызматташуу үчүн бардык сунуштарды карап турарын баса белгиледи.

Кененирээк
Жаңылык Бирдин айынын 28

«Айыл чарбасын каржылоо -7» ишке ашырылат

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.Мурашев,  «Айыл чарбасын каржылоо -7» долбоору  Кыргыз Республикасынын ишкердик  субъекттерине жана жеке жактарга 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жана айыл чарба продукциясын иштетүүнү андан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылат деп билдирди. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 5 млрд 300 млн. сом бөлүнгөн.

2019 жыл ичинде каржылоо долбоору айыл чарба азыктарын, дыйканчылыкты жана мал чарбасын жана кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактар үчүн жеңилдетилген арзандатылган  насыя берилет.

Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө насыя төмөнкү шарттарда берилет:

- 1-жылга 6 % пайыз жеңилдетилген арзандатылган  насыя берилет.

-берилген насыяны  приоритеттүү багыттарын жүзөгө ашыруу үчүн;

- "Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү" өнөр жайы боюнча;

 -Жылына 8 пайыз менен:

- интенсивдүү багбанчылык жана токой чарбасы менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн;

- күнөскана жана тамчылатып сугаруу системаларын жүзөгө ашыруучу катышуучулар үчүн;

- жасалма жол менен уруктандыруучу дагы асыл тукум малды жана мал чарбасына жабдууларды сатып алуу объекттерге;

-жылына 10 пайыз жеүилдетүү менен - "Мал чарбага" жана "дыйканчылык менен жер иштетүүчү" тармактарга берилет.

Кененирээк

[1-6]  [7-12]  [13-18]  [19-24]  [25-30]  [31-36]  7   [след] [показать все]


Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу