Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Июль, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Үчтүн айынын 21

Түштүк жергесинде “Экологиялык таза жана органикалык мөмө-жемиштерди өстүрүү технологиялары” жөнүндө дыйкан-фермерлерге  окуу-семинралар өткөрүлдү

 

2019-жылдын 15-17-январь күндөрү  Ош, Жалалабад жана Баткен облустарында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Кыргызагробиоборборунун адистери “Багбандар биримдиги” менен чогуу мөмө-жемиш өстүрүүчү дыйкан фермелер үчүн “Экологиялык таза жана органикалык мөмө-жемиштерди өстүрүү технологиялары” жөнүндө окуу-семинралар өткөрүлдү.

Кененирээк
Жаңылык Үчтүн айынын 18

Айыл чарбасын механизациялоо жана энергетикалык жактан камсыздоо Департаменти Будапешт шаарында  өтүүчү айыл чарба техникаларынын көргөзмөсүнө катышуугачакырат

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Айыл чарбасын механизациялоо жана энергетикалык жактан камсыздоо Департаменти 2019-жылдын 23-26 январь айында Будапешт шаарында (Венгрия) AGROmashEXP and Agricultural Machine Show көрмөзмөсү өткөрүлөөрүн маалымдайт.

Венгриялык 100 гө жакын компаниялар өздөрүнүн жер иштетүүчү жана себүүчү, дан тазалоочу  айыл чарба техникаларын айылдык товар өндүрүүчүлөргө сунуштайт.

Кененирээк
Жаңылык Үчтүн айынын 17

Эт, сүт, жумуртка жана жүн өндүрүү боюнча 2018-жылдын жыйынтыгына карата маалымат

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин мал чарба, асыл тукум иштери жана илим саясатын өнүктүрүү бөлүмү, 2018-жылдын жыйынтыгына карата мал чарбачылыгынын азыктуулугун өндүрүү жөнүндө маалымат сунуш кылат.

Эт өндүрүү. 2018-жылдын аягына карата республикада бардык категориялардагы чарбаларында 403,3 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү 8,2 миң тоннага, же 2,1 пайызга өткөн жыл менен салыштырмалуу эт көбүрөөк өндүрүлдү.

Белгилей кетчү нерсе 2018-жылдын январь-декабрь айында республиканын бардык облустардагы чарбалар этти көбүрөөк өндүргөн.

Кененирээк
Жаңылык Үчтүн айынын 16

International Expo Group компаниясы 15 Эл аралык “UzAgroExpo-2019” өткөрүүнү пландады

2019-жылдын 27-29-ноябрь күндөрү Өзбек Республикасынынын Ташкент шаарында “Узэкспоцентр” улуттук көргөзмөсүндө International Expo Group компаниясы 15 Эл аралык “UzAgroExpo-2019” өткөрүүнү пландады. Өсүмдүк өстүрүү, айыл чарба азыктарын сактоо жана кайра иштетүү боюнча тажырыйбалары менен бөлүшүп, айыл чарба техникалары көргөзмөгө коюулат. Көргөзмөгө катышууга кызыкдар бардык компанияларды чакырат.

Көргөзмөнү уюуштуруучулардын байланыш телефондору: Абдуллаева Сабина +(9987)238 94 68

Кененирээк
Жаңылык Үчтүн айынын 15

Картошканы экспорттоо боюнча Айыл чарба министрлигинде жолугушуу болду

 

2019-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрилигинде  2018-жылдын 27-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри К. Бороновдун Өзбекстан жана Түркмөнстан Республикаларына картошка экспорттоо жөнүндөгү протоколдук тапшырмасынын аткарылышы боюнча жолугушуу болду.

            Иш чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын өкүлдөрү, Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания мамлекеттик ишканасы жана  Республиканынын аймактарынан келген   дыйкандар катышты.

Кененирээк
Жаңылык Үчтүн айынын 14

Министрликте "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы электрондук башкарууну ишке ашыруу максатында семинар өткөрүлдү

2019-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин алдындагы мамлекеттик «Электрондук өз-ара аракеттешүү борбору» ишканасынан директору Н.Кутнаева "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы, "Электрондук башкаруу жөнүндө" презентация окуп, семинар өткөрүлдү.

Кененирээк

[пред]  [1-6]  ...  [67-72]  [73-78]  [79-84]  [85-90]  [91-96]  [97-102]  [103-104]  [след] [показать все]


Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу