Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Июль, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Теке айынын 9

Карасуу районунда маамлекеттик сорт сыноочу аймакта талаа күнү өткөрүлдү

 

Ош облусунун Карасуу районунда маамлекеттик сорт сыноочу аймакта талаа күнү өткөрүлдү. Талаа күнүнө Карасуу районунун Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департаментинин директору, Райондук арардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, айыл чарба адистери, дыйкан-фермерлер катышты.

Кененирээк
Жаңылык Теке айынын 9

ИФАДдын миссиясы Кыргызстанга келип кетти

 

Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун (ИФАД) миссиясы Кыргызстандагы өзүнүн жумушчу сапарын аяктады.

Миссиянын курамы: Донал Браун – ИФАДдын вице-президентинин орун басары, Халида Бузар – ИФАДдын Жакынкы чыгыш, Түндүк Африка, Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн директору, Микаэль Каутту - ИФАДдын Кыргызстандагы программаларынын жетекчиси, Кубанычбек Исмаилов - ИФАДдын Кыргыз Республикасындагы өкүлү.

Кененирээк
Жаңылык Теке айынын 9

Тамчылатып сугаруу системасын практикалык жактан окутууга шарт түзүү үчүн  демонстрациялык участкалар курулууда

 

Суу ресурстары жана инновациялык технологиялар бөлүмү  Бүткүл Дүйнөлүк Банк каржылаган «Улуттук суу ресурстарын башкаруу фаза-1» (УСРБ фаза-1) долбоору  менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу районунда үстүбүздөгү жылдын  18-июлунда облустук деңгээлде “Талаа күндөрү”  иш чарасын уюштуруп өткөрүүнү пландаштырылууда.

Кененирээк
Жаңылык Теке айынын 9

Көп жылдар бою Ысык Көл областынын багбандары жана жашылча өстүрүүчүлөрү жашылчаларды жана мөмө бактарды тамчылатып сугарууда биолигнинди жана триходерминди чогуу колдонуу алардын эффективдүүлүгун эки эсе жогорулатканын байкашкан.

2019-жылдын 4,5-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинин Ысык-Көл территориалдык филиалынын адистери жана Багбандар биримдигинин Ысык-Көл областындагы мүчөлөрү тамчылатып сугарууда биопрепараттарды чогуу берүү практикасын жайылтуу боюнча Ысык-Кол областынын Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда семинар өткөрүштү.

 

Кененирээк
Жаңылык Теке айынын 8

Ысык-Көл облусунда сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жаңы долбоору башталат

 

 Дүйнөлүк банктын “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу”(ССӨКЖ) долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунун бенефициар фермерлеринин уйларын жана кунаажындарын жасалма жол менен уруктандырууга консультативдик эмес кызматтар боюнча тендерге Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун Дитректору Т.Беков жана “Рейна-Кенч” дыйкан чарбасынын Төрагасы А.Джаныбековдун ортосунда келишимге кол коюлду.

Кененирээк
Жаңылык Теке айынын 8

Министр Эркинбек Чодуев Айыл чарбасына эмгеги сиңген тажрыйбалуу ардагерлери менен кеңешме өткөрдү

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Айыл чарбасына эмгеги сиңген тажрыйбалуу ардагерлер менен кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде Министр өзүн тааныштырып,  Айыл чарба министрлиги коомдо ар кандай сындарга кабылып жатканын баса белгилеп, айыл чарба министрлигин алдыга жылдыруу  максатында тажрыйбалуу ардагерлер менен чогуу ой бөлүшүп, кеңешүүнү туура көргөнүн айтып түшүндүрдү.

Кененирээк

[пред]  [1-6]  [7-12]  [13-18]  [19-24]  [25-30]  [31-36]  [37-42]  [43-48]   ...   18   [след] [показать все]


Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу