Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Август, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык баш оона айынын 13
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

2019-жылдын 9-августуна карата республикабыда өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн оруп-жыйноо иштери боюнча маалымат

 

Быйылкы жылы жаздын эрте  келишине байланыштуу оруп жыйноо иштеринин темпи өткөн жылга караганда жогорку деңгээлде жүрүүдө. Алсак, картөшкөнүн аянты жыйноо 7,5 миң га түзүп, 116,4 миң тонна казып алынып, же  өткөн  жылдын денгээлинен  дүң жыйым 8,4 миң тоннага  көп. Картөшкөнүн орточо түшүмдүүлүгү   155,2 ц/га түзүп, өткөн жылдын деңгээлинен  жогору  болууда. Түшүмдүүлүк боюнча эң жогорку көрсөтүчкө жетишкен, Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Ала-Бука райондору-170 ц/га,  Ош облусунун Араван району-.163,6 ц/га түшүм алышууда.

Ошондой эле жашылча -бахча өсүмдүктөрүн жыйноо темптери жакшы  жүрүп-  263,0 жана 107,1 миң тонна жыйналып, же  былтыркыдан 3,2 миң тонна жогору болууда.

 

Өткөн жылга караганда 9,9 миң га арпанын аянтынан (2018-жылга салыштырганда -1,9 ц/га) түшүмдүүлүк жогору  болуп,   333,6 миң тонна дан жыйналды, же 2018-жылдын деңгээлинен 48,4 миң. тоннага көп. 2018-жылга салыштырганда  буудайды жыйноо жогорку  темпте жүрүүүдө, же  157,7 миң га аянттан 441,1 миң тонна жыйналып, өткөн 2018-жылга  караганда 8,4 миң тоннага көп.

Республика боюнча болжолдуу маалыматтардын негизинде кылкандуу дан эгиндердин орточо түшүмдүүлүгү 26,5 ц/га, өткөн жылга караганда 1,9 ц/га жогору, анын ичинен буудай  28,0 ц/га, же 2,1  ц/га көп, ал эми арпа– 24,8 ц/га же 2018-жылга караганда 1,9 ц/га көп.

Кылкандуу дан эгиндердин жогорку түшүмдүүлүгү 31,8 ц/га Жалал-Абад облусунда байкалды, буудай -34,3ц/га жана 26,9 ц/га – арпа, ошондой эле Талас облусу боюнча жалпы кылкандуу дан -31,8 ц/га, анын ичинен буудай-33,3 ц/га жана арпа-24,3 ц/га түздү,  ал эми кылкандуу дан эгиндердин эң төмөн түшүмдүүлүгү Баткен облусунда – 20,4 ц/га түздү. Мунун айрымасы Баткен облусунда  негизинен көпчүлүк жер  аянты кайрак жерлер болуп эсептелет.

Буудайды себүүдө жогорку агротехниканы колдонуу менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон  районунун  фермерлери бүгүнкү күнү 2374 гектардын ар биринен  37,0 ц/га түшүм алышты, Ош облусунун Кара-Суу району – 8141 га ар гектарынан 35,2 ц/га, Талас облусунун Кара-Буура , Манас райондору   – 1768 жана 1510 га жыйналган аянттынан 34,3 ц/га жана 33,0 ц/га,  ал эми  Чүй облусунун Ысык-Ата, Сокулук райондору -10093 жана 27975 га аянттан -31,3 ц/га  жана 30,0,4 ц/га түздү,

Айыл чарба техникаларынын даярдыгын жогорку деңгээлде көтөрүүдө жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, ошондой эле кошуна региондордон оруп жыйноочу техникаларды тартууда кылкандуу дан өсүмдүктөрүн, тоолу жана тоо этегиндеги райондорду кошкондо оруп жыйноо иштеринин темпи бир кыйла өсөт.

Учурда республика боюнча  кылкандуу дан эгиндеринин жыйноого 793 дан жыйноочу комбайндар катышууда, бул өткөн жылдын көлөмүнө караганда 111 комбайнга  көп, жана башка жактан 194 алынып  келинген комбайндар.

Азыркы учурда кылкандуу дан эгиндерди оруп жыйноо иштери Ысык-Көл облусунда жаңыдан башталууда, ал эми августун үчүнүчү чейрегинде  Нарын облусунда башталат.

Бул облустарда оруп жыйноо жумуштарын өз убагында жүргүзүү үчүн Чүй облусу менен Нарын жана Ысык-Көл облустары комбайндарды кийин бул облустарын жиберүү үчүн келишимдерди түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Учурда Чүй жана түштүк облустарында кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери аяктаган жерлерге экинчи түшүм үчүн себүү  иштери жүрүп жатат. Бул талаачылык продукцияларын өндүрүшүн, кошумча жашылча жана тоют өсүмдүктөрүн өсүүсүнө шарта түзөт.

 

Оруп-жыюу иштерин өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүү максатында Ысык-Көл Нарын облустарына  Чүй облусунан  комбайндардан жардамга жөнөтүү боюнча келишим түзүү иштери жүрүп жатат.

Ал эми күздүк себүүнү ийгиликтүү өткөрүү үчүн өз убагында буудайдын жана арпанын үрөнүн тазалоо, себүү кондициясына жеткирүү жана топтоо  милдети турат. Мындан тышкары, кийинки жылдын түшүмү үчүн дан өсүмдүктөрүнүн күздүк себүүсүнө алдын ала айдоо жана ным сактоочу сугаруу, бул үчүн сугаруу графигин иштеп чыгуу иштери  жүргүзүлүүдө.

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу