Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Август, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык баш оона айынын 13
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Нарын шаарына фитосанитардык лабратория курулууда


Бүгүн 10-август күнү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, Нарын облусуна иш сапары менен барып, лабораториянын пайдубалына капсула салуу аземине катышты.


Иш чарага Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К. Азизов , Райондук мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылары, жергиликтүү дыйкан-фермерлер катышты.
Министр Э. Чодуев өз сөзүндө курулуп жаткан лаборатория дыйкан-фермерлер үчүн ак жолтой болуп, элге кызмат кылган иш-каналардын бири болсун,- деп тилек кылды. Ошондой эле Нарын облусунда элдин көпчүлүгү мал чарбасы менен алектенерин баса белгилеп, малды сандан сапатка, эт,сүт багытындагы малдарды көбөйтүү замандын талабы экенин билдирди. 
Учурда Нарын облусунун Нарын шаарында Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториясынын курулушу башталды. Курулуп жаткан фитосанитардык лаборатория, лабораториялык экспертизанын 5 түрүн жүргүзө алат:


- энтомологиялык экспертиза – карантиндик зыянкечтерди идентификациялоо;
- микологиялык экспертиза – өсүмдүктөрдүн козу карындык козгогуч илдетин идентификациялоо;
- бактериологиялык экспертиза - өсүмдүктөрдүн бактериялык козгогуч илдетин идентификациялоо;
- фитогельминтологиялык экспертиза – өсүмдүк материалдарынын жана топурак кыртышындагы нематодаларын идентификациялоо;
- гербологиялык экспертиза – отоо чөптөрдү идентификациялоо.
Лабораторияны түзүүнүн максаты:
- өткөрмө пунктунда оптималдуу жана талаптагыдай фитосанитардык контролдоону камсыздоо;
- карантинге алынган продукцияны импорттоодо, экспорттоодо жана транзиттөөдө фитосанитардык эрежелерди сактоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик зыяндуу организмдерди алып келүүдөн жана/же жайылтуудан коргоо;
- Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында эл аралык милдеттенмелерди аткаруу.
Мындан сырткары Министр Эркинбек Чодуев сүттү жана койдун жүнүн кайра иштетүүчү иш канлары менен жеринен таанышып, ишкерлердин көйгөйлөрүн укту. Ошондой эле көйгөйлүү маселелерди чечүүнү министрликтин тиешелүү адистерине тапшырды.

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу