Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Август, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык баш оона айынын 13
1144953 3 2x

2019-жылдын 1-августуна карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалымат

 

Мал чарба, асыл тукум иштери жана илим бөлүмү, 2019-жылдын 1-августуна карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалымат сунуш кылат.

Эт өндүрүү. 2019-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында 213,3 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 3421 тоннага, же 1,6 пайызга өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт көбүрөөк өндүрүлдү.

Республикада эт өндүрүүнүн өсүшү малдын жана үй канаттуулардын санынын көбөйүшү менен байланыштуу. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча ири мүйүздүү малдын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 51862 башка көбөйгөн, кой жана эчкинин саны – 90174 башка, жылкылардын саны – 17355 башка жана үй канаттуулардын саны 99279 башка көбөйгөн.

Белгилей кетчү нерсе 2019-жылдын январь-июль айында республиканын бардык облустарында, 2018-жылдын ушул мезгилине карата эт көбүрөөк өндүрүлгөн

Сүт өндүрүү. 2019-жылдын январь-июль айында республика боюнча 938,7 миң тонна сүт өндүрүлдү, 23,1 миң тоннага, же болбосо 2,5 пайызга былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сүт өндүрүү көбүрөөк болду.

Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөн.

Республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү уйлардын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 22800 башка жана 1-уйдан саалган орточо саан 1,2 кг көбөйүшү менен байланыштуу.

Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилинде республикада 340 миң  даана дан ашык жумуртка өндүрүлдү, же былтыркы жылга салыштырмалуу 13000 миң даанага же 103,9 пайызга көбүрөк болгон.

Жумуртка өндүрүү бардык республиканын облустарында өсүүдө, Чүй облусунан тышкары, ал жерде жумуртка өндүрүү 6300 миң даанага төмөндөшү байкалат же өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 96,9 пайызды түздү. Чүй облусунда Сокулук жана Чүй райондорунда жумуртка өндүрүүнүн өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 92,6 жана 86,6 пайызды түздү. Бул райондордо жумуртканын өсүү темпинин төмөндөшүнүн эң негизги себеби Сокулук районунун “Сокулук” жана Чүй районунун “Искра” канаттуулар фабрикаларында мекиян тоокторун сатып жибергендигине байланыштуу болду.

Жалпы республика боюнча жумуртка өндүрүүнүн көбөйүшү үй канаттуулардын саны былтыркы жыл менен салыштырмалуу 151618 башка өсүшү менен байланыштуу.

Жүн өндүрүү. 2019-жылдын 1-августуна карата республика боюнча 12932,6 тонна жүн өндүрүлдү, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 101,2 пайызды түздү. Республиканын бардык облустарында жүн өндүрүүнүн өсүү темпи жогору болгондугу байкалат. Жүн өндүрүү өсүү темпинин эң жогорку көрсөткүчү Нарын (102,1 пайыз), Чүй (101,7 пайыз) жана Жалал-Абад (101,2 пайыз) облустарында байкалат.

Назад

Маалымат системалары

Өкмөтүнө караштуу
Суу ресурстары
Мамлекеттик агенттиги

Маалымат блогу