Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Июль, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Теке айынын 12
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш-өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Финансы полиция кызматы мененбиргеликте жасалма спирт ичимдиктерин даярдоо боюнча жашыруунцехтин иштешине бөгөт койду

 

2019-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш-өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы полициясынын кызматкерлери, биргеликте өткөргөн иш аракеттеринин натыйжасында Бишкек шаарында жайгашкан ишкерчилик субъектти текшерүү учурунда, жасалма алкоголдук ичимдиктерди чыгаруу боюнча жашыруун цех аныкталган.

Тактап айтканда, колго жасалган жабдуулар (суюк нерселер куюла турган пластикалык идиш) этил спирти жыттанган спецификалык жыты бар суюктук;

  - маркасы жок жана жасалма маркалары менен ар түрдүү аталышы менен ийри өлчөмдөгү бөтөлкөлөргө куюлган даяр алкоголдук продукциялар;

 - арак ичимдиктер куюлган бөтөлкөлөрдүн оозун жабуу үчүн бир кутуча жана бир кап жабуу капкактар;

- 974 даана жасалма акциздик маркалар.

- ар түрдүү спирт ичимдиктеринин этикеткалары жана бош бөтөлкөлөр табылган.

Материалдар түзүлгөндөн кийин спирт ичимдиктери техникалык экспертиза жүргүзүү үчүн убактылуу алынып, КР өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын убактылуу сактоочу жайына коюлган.

Азыркы мезгилде бул факт боюнча Финансы полициясы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Назад

Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу