Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Август, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Теке айынын 17

Америка ак көпөлөгүнүн (АББ) I- муунуна  каршы күрөшүү иш чаралары уланууда

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти тарабынан Чуй областынын Москва районунун Сретенка, Биринчи Май айыл аймактарында жана Чуй, Ысык-Ата райондорунда Америка ак көпөлөгүнүн (АББ) I- муунуна  каршы күрөшүү иш чаралары уланууда.

Кененирээк
Жаңылык Теке айынын 16

“Базарга чыгууну камсыздоо” долбоорунун алкагында мал чарба продукциясынын  өнүктүрүү

 

2019-жылдын 15-июлунда Бишкек шаарында “Базарга чыгууну камсыздоо” долбоорунун алкагында мал чарба продукциясынын кошумча нарк тизмекчесин өнүктүрүү боюнча программага айыл чарба ишканаларын катыштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Э.Чодуев  тегерек столго катышты.

Тегерек столго чийки затты өндүрүүчү чакан ишкерлер, ири айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчүлөр  программага катышууга кызыккандардын саны 250дөн ашты.

Кененирээк
Жаңылык Теке айынын 16

Айыл чарба министрлиги Таза-Жан”  адистештирилген үрөнчүлүк чарбасында семинар өткөрдү

 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Люксембург айылында жайгашкан Таза-Жан”  адистештирилген үрөнчүлүк чарбасында инновациялык технологиянын алдыңкы ыкмаларын колдонуунун эсебинен айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча Республикалык семинар өткөрдү.

Кененирээк
Жаңылык Теке айынын 15

Энтомофагдар

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаменти жана  анын курамына кирген аймактык  филиалдар,  Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү,  экологиялык таза органикалык айыл чарба азыктарын өндүрүү максатында биологиялык жол менен коргоо кызматын алып барат.

Органикалык айыл чарба департаментинде Айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден жана илдеттерден  арылтуу максатында  төмөнкү биокаражаттар өндүрүлөт:

Энтомофагдар – зыяндуу курт кумурскалар менен азыктануучу организм.

Биопрепараттар – айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ар түрдүү илдеттерине каршы жана аларды интенсивдүү өстүрүү менен , түшүмдүүлүгүн жогорулатууда биостимулятор катары колдонулат.

Кененирээк
Жаңылык Теке айынын 15

2019-жылдын 1-июлга карата мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалымат

Эт өндүрүү. 2019-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында 180,6 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 2902 тоннага, же 1,6 пайызга өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт көбүрөөк өндүрүлдү.

Республикада эт өндүрүүнүн өсүшү малдын жана үй канаттуулардын санынын көбөйүшү менен байланыштуу. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча ири мүйүздүү малдын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 51862 башка көбөйгөн, кой жана эчкинин саны – 90174 башка, жылкылардын саны – 17355 башка жана үй канаттуулардын саны 99279 башка көбөйгөн.

 

Кененирээк
Жаңылык Теке айынын 12

Сугат сууларынын жетишсиздиги менен байланышкан маселелерди өз учурунда жана ыкчам чечүү үчүн кезектештирип суу берүү жана түнкү сугаттар уюштурулуп жатат

 

Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин жагымсыз аба ырайынын шарты  менен байланышкан сугат суулары менен камсыздоодогу суу бөлуштүрүүнү мобилизациялоо максатында жарык көргөн 2019-жылдын 26-июнундагы №218- буйругун жүзөгө ашыруу үчүн Суу чарба жана мелиорация департаментинде ( 2019-жылдын 4-июлундагы № 78- буйругу) жана түзүмдүк бөлүктөрүндө, БСЧБ, РСЧБларда штабдар түзүлгөн.

Кененирээк

[1-6]  [7-12]  [13-18]  [19-24]  [25-30]  [31-36]   ...   18   [след] [показать все]


Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу