Новость 9 июля
1144953 3 2x

2018-жылдын 6-июлуна карата Айыл чарба министрлигинин республика боюнча жазгы талаа иштерине жер семирткичтер жана пестициддер менен камсыздоо тууралуу маалыматы
Республиканын минералдык жер семирткичтерге (МЖС) болгон жылдык керектөөсү - 395,0 миң тоннаны түзөт, а. и. - 221,0 миң тонна азоттук, 162,0 миң тонна фосфордук жана 12,0 миң тонна калийдик жер семирткичтер. 2018-жылдын  6-июлуна карата, республикага – 110,5 миң тонна азоттук, фосфордук жана комплекстүү жер семирткичтер алынып келинген, а. и. түштүк региондо – 67,5 миң тонна, түндүк региондо - 43,0 миң тонна азоттук, фосфордук жана калийдик МЖС жыйналган. Жалпы топтолгон МЖС көлөмүнөн республика боюнча дыйкан-фермердик чарбаларга - 105,5миң тоннасы сатылды.
Жер семирткичтердин негизги складдары (базалар) - Бишкек, Кара-Балта, Шопоков, Кызыл-Кия жана Ош шаарларында жайгашкан, ал жактан республиканын башка аймактарына таралат. МЖСти жүгүртүү чек-арадагы соода менен да толукталат (Таласта жана түштүктө). 
Республикага, төмөнкү жер семирткичтердин түрлөрү  алынып келинген:
- азоттук (аммиактуу селитра, карбамид) – 90,7 миң тонна;
- фосфордукжанакомплекстүү (аммофос, суперфосфат, нитроаммофос, диаммофоска) – 19,0 миң тонна;
- калийдик – 0,82 миң тонна.
Республиканын түндүгүндө, МЖС-дин жетишсиздиги күтүлбөйт, анткени алып келүүлөр РФ жана Казакстан Республикасынан үзгүлтүксүз камсыздалат,МЖС-ди алып-келүүчу негизги фирмалар:
“ATS Group” ЖЧК -0555 75-07- 50 Акунбеков Э.А.,
“АкСууТрейд” ЖЧК -0555 13-00-01 Назаров Б.Г.,
“Негоциант” ЖЧК-0773 31-31-07 Окатьев В.С.,
“Юлита” ЖЧК – 0555 98-30-16 Горбачёв В.И.

 

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок