Мин.сел.хоз.
Новость 8 февраля
1144953 3 2x

Айыл чарба өндүрүүчүлөрү климаттын өзгөрүшүнө даярбы?

2018-жылдын 6-февралында Бишкек шаарында “Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу иш-чараларын ишке ашыруу жана пландоого Жайыт пайдалануучуларды жана кызматкерлерди тартуу менен аларды маалымдоо” деген темада тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столдо мыйзам чыгаруу, климаттын өзгөрүшү боюнча жайыт жана мал чарбачылыгынын ыңгайлашуусу боюнча мамлекеттик саясат, жайыттарды пайдалануу жана туруктуу башкаруу маселелери жана аны чечүү жолдору, жайыт жана мал чарбачылыгына жаратылыштык-климаттык таасирлеринен качуу же төмөнкү абалга айландыруу боюнча жайыт пайдалануучуларга метеорологиялык коркунучтар боюнча актуалдуу жана так маалыматтар менен камсыз кылуу боюнча эрте кабарлоо системасы, өзгөчө алыскы жайкы жайыттарда жайгашкан жайыт пайдалануучуларга метеорологиялык маалыматтарды жеткирүү ыкмасы, климаттын өзгөрүшүнө жана табият кырсыгына коомчулуктун туруктуулугун деңгээлин көтөрүү боюнча практикалык мисалдар сыяктуу суроолор каралды.
Тегерек столго Жайыт жана мал чарбачылыгынын адистери, Жайыт пайдалануучу бирикмелеринин мүчөлөрү, “Кыргыз жайыты” ассоциациясынын өкүлдөрү, климаттын өзгөрүшү боюнча чечим кабыл алган жеке секторлордун, мамлекеттик органдардын, ишке ашып жаткан долбоорлордун өкүлдөрү жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын адистери катышты.
Семинардын негизги багыты -  климаттын өзгөрүшүнө Кыргызстандын жайыт жана мал чарбасын ыңгайлаштыруу боюнча практикалык аракеттер болуп саналат.
Иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандын жайыт жана мал чарбачылыгында климаттын өзгөрүшүнүн таасирин кантип баалоо керек, чаралар боюнча тажрыйба алмашуу, эрте кабарлоо системасы жана метеорологиялык маалыматтарды жана аба-ырайынын чукул өзгөрүшү боюнча эскертүүлөрдү карап чыгуу деген тапшырмалар коюлду.
Семинардын алкагында топтор менен иштөө, талкуулоо жана презентациялар жасалды. Тегерек столдун катышуучулары өз ой-пикирлерин эркин айтууга жана климаттын өзгөрүшү боюнча жайыт жана мал чарбачылыгынын ыңгайлашуусуна сунуштарын берүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Тегерек столдо айтылган сунуштар КРнын жайыт чарбасынын өнүгүшү туурасында орто мөөнөттөгү улуттук программасынын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу бөлүмүнө киргизилип жана айыл чарбасынын инвестициялык долбоорлорунда эске алынат.
Тегерек стол ИФАД каржылаган “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү -1, 2” долбоорлорунун алкагында Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлумү, Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти жана КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы гидрометеорологиялык агенттигинин жетекчилиги алдында өткөрүлдү.

 

Справка:
Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу – бул климаттын өзгөрүшүнө жана аны курчап турган айлана-чөйрөнүн жаратылыш системаларына жана өзүнчө топтордун ишмердүүлүгүнүн жөнгө салуусу жана даярдануусу.
Климаттын өзгөрүшү республиканын экономикасынын өнүгүү планында жаңы маселелерди коет. Түнкү жана күндүзгү температуранын тез жогорулашы, жаан-чачындын өзгөрүшү, мезгилдик аба-ырайынын туруксуздугу (үшүк, нөшөр коркунучу же кургакчылык) аз эмес жоготууларга алып келип, айыл чарбасына олуттуу тапшырмалар коюлат.
Окумуштуулардын пикири боюнча, климаттын өзгөрүшү кургакчылыктын жогорулашына жана тез жок болууга алып келет. Бул жайытка да тиешелүү болуп, жыйынтыгында жайыттардын деградацияга учурашы, кыскарышы жана мал чарбачылыгынан алынган продукциянын сапатынын төмөндөшү болот. Кыргызгипроземдин маалыматы боюнча, республикада жайыттын орточо түшүмдүүлүгү жыл сайын түшүүдө. Акыркы 50 жылда жайыттын түшүмдүүлүгү эки эсеге түшүп жана учурда орточо эсеп менен 3,5 ц/ганы түзөт. Бул Кыргызстандын жаратылыштык-климаттык шартында абдан төмөнкү көрсөткүч болуп саналат.
Мындан сырткары, климаттын өзгөрүшү эпизоотиялык кырдаалга дагы таасирин тийгизет. Жер көчкү жаныбарлардын өтө коркунучтуу ооруларынын сакталган булактарын алып кетип, натыйжада малдардын коркунучтуу инфекциялык ооруларды жугузуп алуу коркунучу жаралат. Температуранын өзгөрүшү жана нымдуулук жаныбарларда жана өсүмдүктөрдө стрессти чакырат. Жаратылыштык-климаттык кубулуштардан улам (кургакчылык, кардын көп жаашы, тез үшүк алуу ж.б)   оорулар көбөйүп, малдын санынын кырылышы же малдын аргасыз союулушуна түрткү болот.
Фермерлер жана айыл чарба өндүрүүчүлөр климаттын өзгөрүшүнө өз алдынча көнө албай жатышат. Мал чарбачылыгына эрте кабарлоо системасы жана башка божомолдоо, кризистик кырдаалдарга даяр болууну камсыз кылуу, жайыт жана мал чарбасында климаттын өзгөрүшүндөгү терс таасирлерди кыскартуу максатында баалоо жана үзгүлтүксүз чараларды кабыл алуу керек. Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маселелерин камтыган Жайыт чарбасынын өнүгүшү боюнча Улуттук программаны иштеп чыгуу керек.

                           Готовы ли сельхозпроизводители к изменению климата?

Круглый стол на тему “Информирование и вовлечение специалистов и пастбищепользователей в обсуждение реализуемых и планируемых мероприятий по адаптации к изменению климата” прошел 6 февраля 2018 года в Бишкеке.
На круглом столе рассматривались такие вопросы, как законодательство и государственная политика по адаптации животноводства и пастбищного хозяйства к изменению климата, проблемы и пути решения вопросов устойчивого управления и использования пастбищ, система раннего оповещения, которая обеспечила бы актуальной и точной информацией по метеорологическим рискам пастбищепользователей, чтобы свести к минимуму или избежать последствий природно-климатического воздействия на животноводство и пастбищное хозяйство, способы доставки метеорологической информации пастбищепользователям, особенно находящихся на отдаленных летних пастбищах, практические примеры по повышению уровня устойчивости сообществ к изменению климата и стихийным бедствиям.
Круглый стол собрал вместе специалистов по животноводству и пастбищному хозяйству, членов Объединений пастбищепользователей, представителей ассоциации «Кыргыз жайыты», научных кругов, инвестиционных проектов, частного сектора и госорганов, ответственных за принятие решений в области изменения климата, работников районных управлений аграрного развития, сотрудников.
Общая направленность семинара – практические действия по адаптации животновдства и пастбищного хозяйства Кыргызстана к изменению климата. Так, перед участниками мероприятия ставились задачи – как оценить воздействие изменения климата на животноводство и пастбищное хозяйство Кыргызстана; обменяться опытом по мерам, направленным на адаптацию к изменению климата; сделать обзор системы раннего оповещения и распространения метеорологической  информаций и штормовых предупреждений; обсудить и выработать предложения по первоочередным мерам по адаптации животноводств  и пастбищного хозяйства к изменению климата.
Семинар сочетал в себе пленарные выступления и дискуссии, обсуждения в малых группах и презентации. Участники круглого стола имели возможность свободного общения и внесения предложений по адаптации животноводства и пастбищного хозяйства к изменению климата. Рекомендации круглого стола будут включены в раздел по адаптации к изменению климата среднесрочной национальной Программы развития пастбищного хозяйства Кыргызской Республики и учтены при реализации инвестиционных проектов министерства сельского хозяйства.
Круглый стол проводился в рамках проектов «Развитие животноводства и рынка-1, -2», финансируемого ИФАД, под руководством Отдела реализации сельскохозяйственных проектов и Департамента пастбищ, животноводства и рыбного хозяйства Министерства сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации и Агентства по гидрометеорологии при МЧС КР. 

 

Дополнительная информация
Адаптация к изменению климата – это подготовка и реагирование деятельности отдельных лиц, групп и природных систем на изменение климата и окружающей их среды.
Изменение климата ставит новые вопросы в планы развития экономики республики. Стремительное повышение дневной и ночной температуры, изменчивость осадков, нестабильность сезонной погоды (риск заморозков или ливней, засух) приносят немало потерь и ставят серьезные задачи для сельского хозяйства.
Изменение климата, по мнению ученых, приведет к увеличению засушливости и ускорению опустынивания. Это коснётся и пастбищ, в результате чего сократится площадь, ухудшится состояние и возрастет деградация пастбищ, снизится производство и качество продукции животноводства. По данным Кыргызгипрозема, средняя урожайность пастбищ в республике с каждым годом снижается. За последние 50 лет урожайность пастбищ упала почти в 2 раза и на данное время составляет, в среднем, около 3,5 ц/га. Это очень низкий показатель для пастбищ в природно-климатических условиях Кыргызстана.
Изменение климата также влияет на эпизоотическую ситуацию. Сели и оползни размывают места захоронения очагов источников особо опасных заболеваний животных, в результате чего возникает угроза заражения животных инфекциями опасных болезней. Изменения температур и влажности вызывают стрессы у животных и растений. Из-за природно-климатических явлений (засуха, обильные снегопады, резкие заморозки и др.) увеличивается заболевания, численность падежа или вынужденного забоя скота.
Фермеры и сельхозпроизводители не могут успешно адаптироваться к изменению климата самостоятельно. Необходимо принять институциональные и регулятивные меры, такие как внедрение в животноводство системы раннего оповещения и прочих систем прогнозирования и обеспечения готовности к кризисным ситуациям с целью уменьшения негативного воздействия  изменений климата на животноводство и пастбищное хозяйство. Предстоит разработать Национальную  программу развития пастбищного хозяйства, где будут предусмотрены вопросы адаптации к изменению климата.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок