Мин.сел.хоз.
Новость 6 февраля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Нурбека Мурашева
Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 6 февраля, принял министра сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации республики Нурбека Мурашева.
На встрече были обсуждены приоритетные направления в свете реализации Указа Президента Кыргызской Республики «Об объявлении 2018 года Годом развития регионов» и достигнутых договоренностей с соседними странами в рамках визитов Главы государства. Министр также рассказал о проводимой работе по подготовке к весенне-полевым работам и привлекаемым инвестициям в сельскохозяйственную отрасль.
Министр  Нурбек Мурашев проинформировал, что на данный момент в республике функционируют 344 крупных и средних перерабатывающих предприятий, из них 50 предприятий были запущены в последние три года.
«В рамках Указа Президента об объявлении 2018 года Годом развития регионов Министерство планирует усилить работу по переработке сельхозпродукции в регионах, что позволит местным фермерам выводить свою продукцию на экспорт. В 2017 году мы получили значимые результаты – темпы роста перерабатывающей промышленности составили 112 %, рост экспортированной переработанной продукции - 126 %. Мы начали пожинать плоды вступления в ЕАЭС», - отметил министр Нурбек Мурашев.
Он также рассказал о скором прибытии специалистов российской государственной компании «Росагромаркет», с участием которых 12-13 февраля 2018 года в городах Бишкек и Ош будут организованы конференции для фермеров. На этой площадке будут обсуждены перспективы сотрудничества по совершенствованию экспортной инфраструктуры Кыргызстана.
Касаясь Указа Президента «Об объявлении 2018 года Годом развития регионов», Сооронбай Жээнбеков подчеркнул, что одной из целей является поддержка инициатив малого и среднего бизнеса в регионах, в частности в сфере переработки сельскохозяйственной продукции.
«Министерство сельского хозяйства должно тесно взаимодействовать с финансовыми институтами и местной властью по обеспечению фермеров и предпринимателей в регионах льготными кредитами. Подготовить проекты по строительству перерабатывающих предприятий, помогать фермерам и предпринимателям в регионах. Это должно быть нашей основной целью», - отметил Глава государства.

 

Президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алды

            Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруудагы негизги багыттар жана Мамлекет башчысынын иш сапарларынын алкагында коңшу өлкөлөр менен жетишилген макулдашуулар талкууланды. Министр ошондой эле жазгы талаа жумуштарына даярдык жана айыл чарба тармагына тартылып жаткан инвестициялар боюнча айтып берди.
Президент Сооронбай Жээнбеков бардык кесиптештери – жакынкы мамлекеттердин башчылары менен өз ара аракеттенишүү маселелери менен катар агрардык тармакта кызматташуу келечеги талкууланганын белгиледи.
«Өзбекстан менен биз айыл чарба жана сүт, эт азыктарынан акциздик салыкты алып салуу, биргелешкен жаңы ишканаларды куруу мүмкүнчүлүктөрүн талкууладык. Тажикстанда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликтеги мүчөлүгү жана ВСП+ статусун эске алуу менен товарларды экспорт, импорт жана реэкспорт кылуу боюнча аракеттенишүү механизмдери талкууланды. Ички да, тышкы да рынокто биздин айыл чарба азыктарына суроо-талап чоң, биз атаандаштыкка туруштук бере алабыз. Экологиялык таза продукциябызды тышкы рынокторго экспорттоого мүмкүнчүлүктөрүбүз чоң, бул багытта жумушту активдештирүү керек», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.
“2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Президенттин Жарлыгы тууралуу айтып жатып, Сооронбай Жээнбеков максаттардын бири айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаатында аймактардагы чакан жана орто ишкерликтин демилгелерин колдоо экендигин белгиледи.
«Айыл чарба министрлиги аймактардагы фермерлерди жана ишкерлерди жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо боюнча каржылык институттар жана жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштеши керек. Кайра иштетүү ишканаларды куруу долбоорлорун даярдап, аймактардагы фермерлерге жана ишкерлерге жардам бериши керек. Бул биздин негизги максатыбыз болушу зарыл», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Министр Нурбек Мурашев учурда республикада 344 ири жана орто кайра иштетүүчү ишканалар иштеп жатканын, анын ичинен 50 ишкана акыркы үч жылда ишке киришкени боюнча маалымат берди.
«2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Президенттин Жарлыгынын алкагында Министрлик аймактарда айыл чарба азыктарын кайра иштетүү иштерин күчөтүп, муну менен жергиликтүү фермерлерге продукциясын экспортко чыгарууга көмөктөшүүнү пландоодо. 2017-жылы биз маанилүү натыйжаларга жетиштик – кайра иштетүү өнөр жайынын өсүшү 112 % түздү, экспортко чыккан кайра иштетилген продукциянын өсүшү 125 % түздү. Биз ЕАЭБге кирүүнүн жемишин көрө баштадык», - деп белгиледи министр Нурбек Мурашев.
Ал ошондой эле жакын арада россиялык мамлекеттик «Росагромаркет» компаниясынын адистери келишип, алардын катышуусу менен 2018-жылдын 12-13-февралында Бишкек жана Ош шаарларында фермерлер үчүн конференциялар уюштурула турганын билдирди.
Бул аянтчаларда Кыргызстандын экспорттук инфраструктурасын жакшыртуу боюнча кызматташуунун келечеги талкууланат.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок