Мин.сел.хоз.
Новость 5 февраля
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

В 2018 году вновь начнутся работы по диагностированию эхинококкоза у людей через анализ крови

Анализ крови ИФА-методом для диагностирования эхинококкоза у людей вновь будут проводиться в Центре профилактики заболеваний, государственного санитарно-эпидемиологического надзора и экспертизы Министерства здравоохранения КР. Данный центр уже закупил необходимые диагностикумы для работы в 2018 году.
Напомним, два комплекта ИФА-оборудования было приобретено при финансовой поддержке проекта “Развитие животноводства и рынка-1” в размере около 60 тыс. долларов США. Один из комплектов был установлен в Бишкеке в паразитологической лаборатории указанного Центра по адресу ул. Фрунзе, 535. А другой – в его региональной структуре в городе Джалал-Абаде по адресу ул. Ленина 11, где диагностирование могут  пройти жители всего южного региона.
Оборудование включает в себя спектрофотометр, микропланшетный промыватель, термошейкер, термостат.
“Оборудование ИФА позволяет проводить качественный анализ крови пациентов на наличие антител на ранних стадиях заболевания. Оно “видит” то, что не может установить УЗИ, с помощью которого обычно выявляют болезнь, но, к сожалению, уже запущенную. Как известно, эхинококккоз долгими годами протекает бессимптомно”, - рассказывает заведующая паразитологической лабораторией ДПЗиГСЭН Гульнара Абдылдаева.
“ИФА-оборудование для диагностирования эхинококкоза в госмедучреждениях было впервые приобретено в 2015 году, но полноценно функционировать оно начало в 2016-м и было проверено 1200 проб крови. К сожалению, в прошлом году из-за отсутствия тест-систем анализы на эхинококк не проводились. Поликлиники при необходимости направляют анализы в наш Центр, но и сами пациенты при желании могут проводить анализы у нас”, - сообщила Г.Абдылдаева. 
Эхинококкоз – особо опасная болезнь, передающаяся человеку через собак. При этом заболевании поражаются в основном печень и легкие, а также мозг. В запущенных случаях болезнь лечится только с помощью хирургической операции, альвеококкоз (сложная форма эхинококкоза) приводит к летальным исходам.

 

Эхинококкоз оорусун адамдардын каны аркылуу текшерүү 2018-жылга кайрадан башталды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын-алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти 2018-жылга эхинококкоз оорусун алдын алууда ИФА жабдуусу боюнча анализ жүргүзүүнү баштады. Эхинококкоз оорусу көп жылдарга чейин билинбеген дарт болгондуктан, ооруну жуктуруп алган адамдарды тез оорусун аныктоо үчүн шарттар түзүлбөй келген. Эми ар бир жаран эхинококкоз оорусу менен оорубагандыгын ИФА жабдуусу аркылуу биле алат. Тилекке каршы 2017-жылы эхинококкозду текшерүү үчүн тест-система жок болгондуктан анализдер алынбай калган. Бирок, 2016-жылы ИФА аппараты аркылуу 1200 адам текшерилген.
Жабдуу спектрофотометр, микропланшеттик жууп тазалагыч, термошейкер, термостаттан турат. Бул жабдуу Айыл чарба министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүндө   ишке ашып жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1” долбоорунун колдоосу менен 60 миң  АКШ долларына алынып келинген. ИФА жабдуусунун бири Ош шаарына коюлган. Ооруларды алдын-алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти 2018-жылга өздүк бюджетинен  төрт таңгак эхинококкозду аныктай турган тест системасын сатып алышкан. Ар бир тест-система топтому 100 адамга жетет.
Паразитология лабораториясынын жетекчиси Гүлнара Абдылдаеванын айтымында, ИФА жабдуунун иштеши менен бир топ эле жеңилдик болду. “Мурда анализдерди текшерүүдө микроскоп аркылуу карап, абдан кыйналчубуз. Аппарат келип иштеп жаткандан бери эхинококкоз оорусун так аныктоого жакшы шарттар түзүлдү. Бардык каалоочулар эхинококкоз оорусуна каршы текшерилем десе бизге келсе болот. Ал эми жабдуу үчүн көмөк көрсөткөндүгү үчүн Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнө ыраазычылык билдирем”, дейт Г.Абдылдаева
Эхинококкоз - адам үчүн өтө коркунучтуу оору, аны менен ооругандан кийин майып болуп калуу коркунучу зор. Илдет негизинен боорду жана өпкөлөрдү бузат, эхинококкоз кистасы түрүндө пайда болот, ал хирургиялык жол менен гана алынат. Эхинококкоз адам баласына ит аркылуу жугат.

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок