Новость 11 января

Чүй облусунун Жайыт пайдалануучу бирикмелери компьютердик жана офистик техникалык жабдууларды  алышты.

 

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана АРИС аркылуу Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосунда Чүй жана Талас облустарында ишке ашып жаткан «Жайыттарды жакшыртуу жана мал чарбачылыгын башкаруу» долбоору негизинде  Чүй облусунун бардык 103 Жайыт пайдалануучу бирикмелери 14 млн сомдон ашык акча каражатына компьютердик жана офистик техникалык жабдууларды, эмеректерди мындан сырткары GPS түзмөгүнө ээ болушту.
Салтанаттуу тапшыруу аземи 2017-жылдын 11-январында Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө болуп өттү.
Талас облусунда бардык 37 Жайыт пайдалануучу бирикмелерине ушундай жабдуулар 2016-жылдын 28-декабрында тапшырылган. Чүй жана Талас облустарынын ар бир Жайыт пайдалануучу бирикмелерине берилген жабдуу 2000 АКШ долларын түзгөн. «Жайыттарды башкарууну жакшыртуу» долбоорунун Бүткүл дүйнөлүк банктагы жетекчиси Питер Гудман тапшыруу аземинде сүйлөп жатып, берилген техникалык жабдуулар бардык Жайыт комитеттеринин, Жайыт пайдалануучу бирикмелеринин  потенциалын жакшыртууда, жайыт пайдалануучулар кызмат көрсөтүү сапатын көтөрүүгө жардамын тийгизет деген ишенимин  айтты.
Иш-чарага Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов, КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев, ошондой эле АРИС, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн адистери жана башка коноктор катышты.

Объединения пастбищепользователей Чуйской области получили компьютерную и офисную технику.

 

            В рамках проекта “Улучшение управления пастбищами и животноводством”, реализуемого Министерством сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации КР и Агентством развития и инвестирования сообществ (АРИС) в Таласской и Чуйской областях и финансируемый Всемирным банком,  все  103 Объединения пастбищепользователей Чуйской области получили сертификаты на получение компьютерной, офисной техники и мебели, а также GPS-устройств на сумму более чем 14 млн сомов. Торжественное мероприятие по этому случаю прошло 11 января 2017г. в Полномочном представительстве Правительства КР в Чуйской области.
В Таласской области всем 37 Объединениям пастбищепользователей этого региона подобные комплекты были вручены 28 декабря 2016 года.
Стоимость передаваемого комплекта каждому ОПП Таласской и Чуйской областей составляет  2000 долларов США.
Руководитель проекта «Улучшение управление пастбищами» от Всемирного банка Питер Гудман, выступая на мероприятии, выразил свою уверенность в том, что данная техника окажет содействие в улучшении потенциала Жайыт комитетов – исполнительных органов Объединений пастбищепользователей, и скажется на повышениикачества предоставляемых пастбищепользователям услуг.
В мероприятии приняли участие Полномочный представитель Правительства КР в Чуйской области Бактыбек Кудайбергенов, заместитель министра сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Эркинбек Чодуев, представители АРИС и Отдела реализации сельскохозяйственных проектов и другие гости.

 

Назад

Информационные системы

Информационная сеть
районных управлений
аграрного развития

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок