Новость 10 января

 Жайыттарды пайдалануу үчүн чогултулган төлөм
1-ноябрга чейин узартылды

Жайыттарды пайдалануу үчүн чогултулган төлөм жыл сайын 1-октябрга чейин күчүндө болчу. Ал эми мыйзам боюнча 1-ноябрга чейин узартылды. Эгерде бул мөөнөт эрежеси сакталбаса, анда жалпы убактысы өткөн төлөмгө ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн кошумча туум эсептелинет. Тиешелүү өзгөртүүлөр “Жайыттар жөнүндө” мыйзамга киргизилген - техникалык жардамды КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ишке ашырып жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1” долбоору көрсөттү.
Дагы бир жаңылануу - жайыттарды пайдалануу үчүн чогултулган бардык акча каражатынын үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмес (салыкты кошкондо) жергиликтүү бюджетке жиберилип турушу керек.
- Мурда мындай бөлүнүү болгон эмес, - дейт Жайыт, мал жана балык чарба департаментинин  директору Урмат Мырзакматов. - Жайыт комитеттери жергиликтүү бюджетке акчаны жергиликтүү бийликтин чечими менен беришчү. Мисалы, 2014-жылы республика боюнча 130 млн акча каражаты чогултулса, андан жергиликтүү бюджетке 18 млн сом акча берилген. Жаңы жобо боюнча бул 43 млн сомду түзмөк. Өкмөттүн аныктоосу боюнча ар бир районго ченем коюлуп, азыр жайыт комитеттери жер салыгын гана төлөйт.
Муну менен бирикмеде калган төлөмдүн бөлүгү жайытты кармоого, жакшыртууга жана өнүктүрүүгө багытталышы керек. 

КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги,
Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бѳлүмү
Кошумча маалымат алуу үчүн коммуникация адиси
Ирена Байтанаевага 623659 телефону
же irena@apiu.elcat.kg e-mail аркылуу кайрылсаӊыздар болот

 

Ежегодный сбор платы за использование пастбищ продлен до 1 ноября
с начислением пени в случае задержки
                       


Сбор платы за использование пастбищ законодательно продлен “до 1 ноября” каждого года вместо ранее действовавшего - “до 1 октября”. Если данный срок будет не соблюден, то на общий размер просроченной платы начисляется пеня за каждый просроченный день. Соответствующие изменения внесены в Закон КР “О пастбищах”. Техническую помощь в разработке правок оказал проект “Развитие животноводства и рынка - 1”, реализуемый Министерством сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации КР.
Еще одно новшество – теперь в местный бюджет должно направляться не менее одной трети всей собранной суммы (с учетом налогов) за пользование пастбищами.
- Ранее подобных разграничений не было, - прокомментировал директор Департамента пастбищ, животноводства и рыбного хозяйства Урмат Мырзакматов. – Жайыт комитеты – исполнительные органы Объединений пастбищепользователей - направляли в местные бюджеты суммы по решению местной власти. Например, если по итогам 2014 года по республике было собрано 130 млн сомов, то из них по факту в местные бюджеты было направлено 18 млн сомов. По новому положению они бы составили 43 млн сомов. Согласно законодательству, Жайыт комитеты сейчас платят только земельный налог, ставка которого для каждого района определяется правительством.
Часть бюджета Объединение пастбищепользователей должно направлять на содержание, улучшение и развитие пастбищ.

 

Отдел реализации сельскохозяйственных проектов
Министерство сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации КР
За дополнительной информацией обращайтесь
к специалисту по коммуникации Ирене Байтанаевой по тел. 623659, e-mail: irena@apiu.elcat.kg

Назад

Информационные системы

Информационный ресурс
департамента водного хозяйства
и мелиорации

Информационный блок